Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада курулуп жана реконструкцияланып жаткан социалдык объектилерди, жолдорду жана көрктөндүрүү долбоорлорун кыдырып, иштердин жүрүшү менен таанышты.
Алгач шаар башчысы Ахунбаев менен Репин көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан “Үмүт чырагы” адистештирилген бала бакчасына барды. 250 балага ылайыкталган эки кабаттуу имарат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн курулуп жатат. Мэр бала бакчанын жанындагы бошогон аймакка дагы бир социалдык объект жана жаңы сквер куруу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.
Андан соң ал 900 унаага ылайыкталган көп деңгээлдүү паркингдин курулушун көрүп, жолду кеңейтүүгө тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.
Ошондой эле Жал-29 кичи районундагы спорттук комплекстин, Миңжылкыев көчөсүнүн реконструкциясынын жана “Көлмө” конушундагы футбол аянтчасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Жыйынтыгында мэр подряддык уюмдарга курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.



