Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда Кытай Эл Республикасынын Шанхай муниципалдык администрациясынын Социалдык камсыздандыруу борборунун делегациясы менен жолугушуу өттү.
Соцфонддун маалыматына ылайык, жолугушууда пенсиялык системаны санариптештирүү, пенсияларды дайындоо жана төлөө процесстерине заманбап технологияларды киргизүү, ошондой эле жарандар үчүн электрондук кызматтарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар санариптик чечимдерди ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашып, пенсиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана электрондук сервистерди өнүктүрүү багытында кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.



