Социалдык тармактарда тараган мектеп окуучусунун сабалышы боюнча Агартуу министрлиги расмий маалымат таратты.
Министрликтин маалыматына ылайык, окуя 2026-жылдын 29-майында Жети-Өгүз районундагы жеке менчик “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде болгон.
“Учурда бул факт боюнча Ички иштер министрлиги териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле окуучулардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлгөн”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, аталган билим берүү мекемесинин директору кызматынан бошотулуп, учурда окуу жайды жаңы директор жетектеп жатканы белгиленди.



