Башкы беткеМинистрлер кабинетиМамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти жаңы имараттуу болду

Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти жаңы имараттуу болду

Бүгүн, 9-июлда Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи болду. Ага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында катышты.

Маалыматка ылайык, эгемендүүлүк алгандан бери департаменттин административдик имараты болгон эмес. Заманбап курулуш технологиялары колдонулган үч кабаттуу жаңы имарат 2-3 айдын ичинде пайдаланууга берилди.

Анда кызматкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Инспекторлор үчүн иш бөлмөлөрү, жарандарды кабыл алуу үчүн “Бирдиктүү терезе” кызматы жана ыңгайлуу заманбап кызматтык жайлар уюштурулган.

Нурдан Орунтаев сапаттуу инфраструктура калкка ыкчам жана кесипкөй кызмат көрсөтүүнүн негизги шарттарынын бири экенин белгиледи.

Министрлик өлкө боюнча өзүнүн түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жаңылоо иштерин улантып жатканын билдирди. Учурда ведомствонун имараттарын куруу жана реконструкциялоо иштери жүрүп, адистер үчүн заманбап эмгек шарттарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар