Башкы бетке∅Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча жайкы аба каттамдары башталды

Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча жайкы аба каттамдары башталды

“Asman Airlines”  авиакомпаниясы “Kompas”  туроператору менен биргеликте Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча быйылкы жайкы эл аралык каттамдардын алгачкысын аткарып, сезонду расмий ачты.

Алгачкы каттам менен келген жүргүнчүлөрдү “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты. Конокторго кыргыз элинин меймандостугу көрсөтүлүп, улуттук кийимчен кыздар аларды жылуу маанайда каршы алышты.

Жайкы программага ылайык, Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча каттамдар сентябрь айына чейин жумасына эки ирет — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Бул каттам эки өлкөнүн ортосундагы аба байланышын чыңдап, Ысык-Көлгө келген туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар