“Asman Airlines” авиакомпаниясы “Kompas” туроператору менен биргеликте Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча быйылкы жайкы эл аралык каттамдардын алгачкысын аткарып, сезонду расмий ачты.
Алгачкы каттам менен келген жүргүнчүлөрдү “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты. Конокторго кыргыз элинин меймандостугу көрсөтүлүп, улуттук кийимчен кыздар аларды жылуу маанайда каршы алышты.
Жайкы программага ылайык, Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча каттамдар сентябрь айына чейин жумасына эки ирет — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Бул каттам эки өлкөнүн ортосундагы аба байланышын чыңдап, Ысык-Көлгө келген туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.



