Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев: "Кыргызстан эл аралык санкциялык режимдерди бузбайт"

Жээнбек Кулубаев: “Кыргызстан эл аралык санкциялык режимдерди бузбайт”

Кыргызстан эл аралык санкциялык режимдерди бузбайт жана өнөктөштөрүнүн алдындагы милдеттенмелерин так аткарат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстан санкциялык режимдин сакталышы боюнча Европа Биримдиги, Улуу Британия жана АКШ менен жигердүү кызматташууну улантууда.

«Бул багыттагы иштерге Президент, Министрлер Кабинети, Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар тартылган. Өзгөчө роль Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилерине жүктөлгөн. Алар тышкы соодадагы өзгөрүүлөрдүн себептерин чет өлкөлүк өнөктөштөргө түшүндүрүп турушу керек.

Айрым өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшү европалык өнөктөштөрдө суроолорду жаратышы мүмкүн. Мисалы, Эстония менен сооданын көбөйүшү Кыргызстанда колдонуу үчүн жабдууларды сатып алуу менен байланыштуу болуп, аларды кайра экспорттоого тиешеси жок.

Ушундай эле түшүндүрмөлөр Кытай менен сооданын өсүшүнө байланыштуу да берилүүдө. Импорттолгон продукциянын басымдуу бөлүгүн технологиялык жабдуулар түзөт. Алар Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жана Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча даярдык иштерин кошкондо, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн арналган», — деди министр.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар