Башкы беткеКоомБишкектеги автобус айдоочуларына жол коопсуздугунун талаптары эскертилди

Бишкектеги автобус айдоочуларына жол коопсуздугунун талаптары эскертилди

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочулары менен жол коопсуздугу боюнча жолугушуу өттү. Иш-чара Бишкек мэриясынын “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында уюштурулду.

Жолугушууга шаар мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жана Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жол кырсыктарын алдын алуу, жол эрежелерин сактоо, айдоочулук маданиятты жогорулатуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Айдоочуларга ылдамдык режимин сактоо, жол кыймылынын башка катышуучуларына урмат менен мамиле кылуу, жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздук талаптарын аткаруу жана жеке жоопкерчиликти күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар