2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда 11 931 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул берилди. Бул үчүн республикалык бюджеттен 270,3 млн сом бөлүнгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагындагы маалыматка ылайык, былтыр ушул эле мезгилде бул төлөмдү 13 843 аял алган. Аларга жөлөкпул берүү үчүн бюджеттен 298,9 млн сом каралган.
Мыйзамга ылайык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул аны алууга укугу бар бардык аялдарга белгиленген мөөнөттө жана толук көлөмдө республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт.



