Башкы беткеМинистрлер кабинетиКазакстандын элчиси Кыргызстандагы миссиясын жыйынтыктады

Казакстандын элчиси Кыргызстандагы миссиясын жыйынтыктады

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаевди дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

ТИМдин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле мамлекет башчыларынын, өкмөттөрдүн жана тышкы саясий мекемелердин деңгээлинде жетишилген келишимдердин аткарылышы, алдыдагы жогорку деңгээлдеги сапарлардын планы боюнча пикир алмашуу болду.

Жээнбек Кулубаев элчинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, эки өлкөнүн мамилелерин чыңдоого кошкон салымын белгиледи.

Өз кезегинде Рапиль Жошыбаев Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Министр Казакстан тарапка шайлоо өнөктүгү учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев казак дипломатын “Эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн” ведомстволук медалы менен сыйлады. Ал элчиге мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар