Башкы беткеЭкономикаӨнөр жай өндүрүшү өстү

Өнөр жай өндүрүшү өстү

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 450,4 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь–июнь айларында өлкөдө 450,4 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,7 пайызга өскөн.

Өндүрүштүн эң жогорку өсүшү химиялык продукцияларды (2,9 эсеге), фармацевтикалык продукцияларды (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык продукцияларды жана тазаланган мунай өнүмдөрүн (1,7 эсеге) чыгарууда катталган. Ошондой эле транспорт каражаттарын өндүрүү 40,7 пайызга, курулуш материалдары – 33,4 пайызга, негизги металлдар – 11,9 пайызга, тамак-аш жана суусундуктар менен тамеки буюмдары – 8,2 пайызга өскөн. Мындан тышкары, пайдалуу кендерди казып алуу көлөмү 12,8 пайызга көбөйгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, оң өсүш башка тармактарда да байкалган. Алсак, курулуш иштеринин көлөмү 1,7 эсеге, дүң жана чекене соода 5 пайызга, ал эми айыл чарбасы 4,3 пайызга өскөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар