2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу 5,5 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Маалыматка ылайык, баалардын эң чоң өсүшү калкка көрсөтүлгөн кызматтарда байкалган. Алардын тарифтери жыл башынан бери 8,3 пайызга жогорулаган.
Ошондой эле алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 7,2 пайызга, тамак-аш азыктары менен алкоголсуз суусундуктар 5,4 пайызга, ал эми азык-түлүк эмес товарлар 3,3 пайызга кымбаттаган.
Баалардын өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында катталган. Эң жогорку көрсөткүч Ош облусунда — 12,5 пайыз болгон. Бул аймакта кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 21,8 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 17,3 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 9,8 пайызга өскөн.
Ал эми күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасынын эң чоң өсүшү Ысык-Көл облусунда катталып, 8,9 пайызды түзгөн.



