Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкек-2 вокзалында поездге отурууда текшерүү киргизилиши мүмкүн

Бишкек-2 вокзалында поездге отурууда текшерүү киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда Бишкек-2 темир жол вокзалында жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрүн, багажды жана жүк-багажды милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү тартибин киргизүү сунушталууда.

Тиешелүү токтом долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарды.

Документте жүргүнчүлөрдү поездге отургузуудан мурда текшерүү тартиби, ошондой эле текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызматкерлердин укуктары жана милдеттери белгиленет.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы талаптын негизги максаты — вокзал аймагына курал-жарак, жардыруучу заттар, кооптуу буюмдар жана башка тыюу салынган нерселердин киришине жол бербөө. Бул чаралар адамдардын коопсуздугун камсыздоого жана темир жол инфраструктурасын коргоого багытталган.

Маалыматка ылайык, Бишкек-2 вокзалы эл аралык жүргүнчүлөр поезддеринин негизги жөнөтүлүүчү жана түзүлүүчү жайы болуп саналат. Ошондой эле “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына караган темир жол объектилери өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмесине кирет.

Министрлик учурда темир жол вокзалдарында жүргүнчүлөрдү жана алардын жүктөрүн текшерүүнү жөнгө салган өзүнчө нормативдик документ жок экенин белгиледи. Жаңы тартип бул боштукту толуктап, транспорттук коопсуздукту күчөтүүгө багытталат.

Эгер токтом кабыл алынса, Бишкек-2 вокзалында эл аралык поезддерге отуруунун алдында жүргүнчүлөрдү жана багажды текшерүү милдеттүү болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар