Башкы беткеМинистрлер кабинетиЧет өлкөлүк куруучуларга мыйзам талаптары түшүндүрүлүүдө

Чет өлкөлүк куруучуларга мыйзам талаптары түшүндүрүлүүдө

Өлкө аймагындагы курулуш объектилеринде эмгектенген чет өлкөлүк жумушчулар арасында мыйзам талаптарын сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы мезгилде айрым курулуш жайларында чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда коомдук тартипти бузуу, мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин колдонуу сыяктуу мыйзамга каршы аракеттер катталган. Буга байланыштуу түшүндүрүү иштери күчөтүлдү.

Иш-чаралар Бишкек, Ош, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы бир катар ири курулуш объектилерин камтыды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жумушчуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо, коомдук тартипти бузбоо, ошондой эле укук бузууларга жол бербөө боюнча талаптар түшүндүрүлдү.

Министрлик мындай профилактикалык иш-чаралар курулуш объектилеринде коопсуздукту камсыздоого, мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруусуна багытталганын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар