Башкы беткеЭкономика"Кумтөр" алты айда республикалык бюджетке 19 млрд сом которду

“Кумтөр” алты айда республикалык бюджетке 19 млрд сом которду

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 19 млрд сом которду. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” маалымдады. 

Ошондой эле компаниянын жалгыз акционери болгон “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна 300 млн АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөнгөн.

Алгачкы алты айдын жыйынтыгында “Кумтөр Голд Компаниясынын” өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше 732 млн 725 миң АКШ долларын түздү.

Ал эми ушул мезгилдеги компаниянын таза пайдасы 418 млн 937 миң АКШ долларына жеткени маалымдалды.

«Кумтөр» алты айда республикалык бюджетке 19 млрд сом которду

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар