Министрлер Кабинети Кыргызстанда миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук макамын жөнгө салуучу жаңы убактылуу жобону бекитти.
Жаңы жобого ылайык, миграция мыйзамдарын бузган чет өлкөлүктөр өздөрүнүн укуктук макамын мыйзамдаштыра алышат. Ал эми Кыргызстан аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кеткендер Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган жоопкерчиликтен жана чыгуу визасын тариздөө үчүн алынуучу жыйымдан бошотулат.
Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүктөр үчүн өз ыктыяры менен чыгып кетүүнүн тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, берилген чыгуу визаларынын эсебин алып барат. Ички иштер министрлиги кайрылууларды каттаса, Чек ара кызматы алардын өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгып кетишин камсыздайт.
Тиешелүү документ Президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 24-июнундагы жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынып, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ал 2025-жылдан бери колдонулуп келген убактылуу тартиптин ордун алмаштырат.



