Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясында өткөн аппараттык кеңешмеде “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарды.
Анын айтымында, өлкөдө быйыл башталган тогуз реформанын экөөсү толук ишке ашырылды. Алардын бири – баалуу кагаздар рыногунда брокердик эсепти аралыктан ачуу кызматын жөнөкөйлөтүү. Натыйжада кардарды идентификациялоо жана верификациялоо мөөнөтү кеңсеге баруу зарылдыгы жоюлуп, эки күндөн 15 мүнөткө чейин кыскарды.
Экинчи реформа санитардык китепчени тариздөөгө байланыштуу болду. Санариптештирүүнүн негизинде аны алуу мөөнөтү 8 күндөн 4 жумушчу күнгө, ал эми медициналык мекемеге баруу саны 5тен 2ге чейин азайды. Ошондой эле электрондук медициналык китепче жана анын мамлекеттик реестри түзүлүп, документтин аныктыгын онлайн текшерүүгө шарт түзүлдү.
Адылбек Касымалиев бул өзгөрүүлөр мамлекеттик кызматтарды жарандар үчүн жеткиликтүү жана ыкчам кылууга багытталганын белгилеп, реформаларды ишке ашырган мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдирди.


