Ысык-Көл облусундагы “Алтын-Булак” жана “Чайка” эс алуу жайларына алып баруучу унаа жолдорун жаңылоо иштери аяктоо алдында турат. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын эсебинен ишке ашырылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, “Алтын-Булак” эс алуу жайына алып баруучу жолго асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен бүткөрүлдү.
Ал эми “Чайка” эс алуу жайына алып баруучу жолго асфальт төшөлүп, тротуар курулуп бүттү. Учурда бул тилкеде сырткы жарыктандыруу системасын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Министрлик белгилегендей, жарыктандыруу иштерин жакынкы күндөрү толук аяктоо пландалууда.



