Башкы беткеКоомБишкек–Нарын–Торугарт жана Балыкчы–Каракол жолдоруна урналар орнотулууда

Бишкек–Нарын–Торугарт жана Балыкчы–Каракол жолдоруна урналар орнотулууда

Бишкек–Нарын–Торугарт жана Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолдорунун айрым тилкелерине таштанды салуучу урналар орнотулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, №10 Жол тейлөө мекемеси Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 137-чакырымында, ошондой эле Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 28-чакырымында урналарды жайгаштыруу иштерин жүргүзүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, бул иштер жол боюндагы санитардык тазалыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Ошондой эле министрлик жарандарды таштандыларды атайын орнотулган урналарга таштап, жол боюндагы тазалыкты сактоого чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар