Бишкек–Нарын–Торугарт жана Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолдорунун айрым тилкелерине таштанды салуучу урналар орнотулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, №10 Жол тейлөө мекемеси Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 137-чакырымында, ошондой эле Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 28-чакырымында урналарды жайгаштыруу иштерин жүргүзүүдө.
Министрликтин маалыматына караганда, бул иштер жол боюндагы санитардык тазалыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.
Ошондой эле министрлик жарандарды таштандыларды атайын орнотулган урналарга таштап, жол боюндагы тазалыкты сактоого чакырды.



