Башкы беткеМинистрлер кабинетиЫсык-Көлдө Сары-Жаз аркылуу өтүүчү эки көпүрө курулууда

Ысык-Көлдө Сары-Жаз аркылуу өтүүчү эки көпүрө курулууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ак-Суу районундагы Сары-Жаз дарыясы аркылуу курулуп жаткан эки көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда “Зайнулин” жана “Ак-Үңкүр” көпүрөлөрүнүн курулушу жүрүп жатат.

“Зайнулин” көпүрөсүнүн курулушу толугу менен аяктап, азыр айланасын көрктөндүрүү жана ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми узундугу 143 метрден ашкан “Ак-Үңкүр” көпүрөсүндө негизги курулуш иштери уланууда. Объектти быйыл 1-августка чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Ошондой эле көпүрөлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн коргоочу курулмалар курулуп, долбоордук документтер тиешелүү мамлекеттик талаптарга ылайык такталууда.

Адылбек Касымалиев курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнүн маанисин белгилеп, аймактардагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт бойдон каларын айтты.

Министрлер Кабинетинин маалыматына караганда, Сары-Жаз аймагындагы транспорттук инфраструктуранын жакшырышы 180 миң гектардан ашык жайыт жерлерин натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар