Казакстан Кыргызстандын өтүнүчүнө жооп берип, өлкөгө ай сайын 15 миңден 20 миң тоннага чейин мазут жеткирүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жеткириле турган мазутту Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо чийки зат катары колдонууга болот. Андан АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана К-4, К-5 экологиялык класстагы дизелдик отун өндүрүү мүмкүн.
Мындан тышкары, мазутту 2026–2027-жылдардагы күз-кыш жылытуу мезгилинде өлкөдөгү жылуулук электр борборлорунда отун катары пайдалануу каралууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Энергетика министрлиги Казакстанга бензин жана дизелдик отун жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кароону өтүнүп кайрылган. Бул өтүнүч азырынча каралуу баскычында.
Казакстан тарап акыркы чечимди өлкөдөгү мунай өндүрүшүнүн көлөмүнө, ички керектөөгө, экспорт үчүн бош ресурстардын болушуна жана ички рынокту камсыз кылуу муктаждыгына жараша кабыл аларын билдирди.
Эске салсак, 21-майдан тарта Казакстанда бензинди, дизелдик отунду жана айрым мунай продукцияларын, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салынган.



