Башкы беткеСаясатЖерди чет элдиктерге ижарага берүү – дүйнөлүк практика

Жерди чет элдиктерге ижарага берүү – дүйнөлүк практика

“Кытайларга жер сатылат экен” деген өндүү уу-дуу кептердин төркүнү кайда экени белгисиз. Бирок Жер кодексине киргизиле турган долбоордо жерди чет элдиктерге сатуу жөнүндө сөз жок. Ал эми чет элдик субъекттерге 49 жылга чейин ижарага берүү нормасы бүгүн эле пайда болгон эмес. Кыргызстандын 1992-жылдагы “Концессиялар жөнүндө” Мыйзамында да улуттук долбоорлор үчүн чет элдик инверсторлорго 49 жыл ижарага жер берүү укугу каралган. 1999-жылы кабыл алынган Жер Кодексинде (5-берене) да чет элдиктерге убактылуу пайдалануу үчүн жер тилкеси берилет деген норма бар эле. Ал эми Жер кодексине киргизиле турган новеллалар – бул чет элдиктерге мамлекеттик жерди пайдаланууга берүү тартибине байланыштуу. Жер тилкеси чет элдик инвесторго адегенде 10 жылга, эгер инвестор алган милдеттенмесин так аткарса, анда 25 жылга, андан соң 50 жылга чейин пайдаланууга берилет. Так, даана жазылган эреже. Максаты – “өзүм иштетпейм, өзгөгө да бербейм” деп ээлеп жатып алуу өнөкөтүнө бөгөт коюу. Жер чет элдиктерге сатылат же түбөлүккө берилет деген жобо жок.

Чет элдик жарандарга жерди көп жылга пайдаланууга берүү – дүйнөдө эң кеңири кездешкен практика. АКШ менен Европада кытайлар менен индустар катышпаган ири өнөр жай ишканалары, темир жолдор, инфраструктуралык объекттер жокко эсе. Глобалдашкан дүйнөдө трансулуттук капитал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Дүйнөдөгү эң ири концерндер, мейманкалар, гигант ишканалар аралаш капиталдын жана чек арасыз бизнестин туундусу. Баарын санап отурбайлы, коңшу Өзбекстандын Жер кодексинде (17-18-беренелер) чет элдик жарандарга жана компанияларга жер ижарага бериле тургандыгы белгиленген. Казакстанда да ушул сыяктуу. Бүгүнкү күндө эки коңшу өлкөбүздө чет элдик, айрыкча, кытай инвесторлору кен байлыктарын өздөштүрүп, ишканаларды ачып, айтор, активдүү иштеп жатканы анык. Ал эми казак президенти Токаев жакында эле Кытай менен 11 млрд доллардан ашык суммага инвестициялык келишим түзүп, кытай компанияларын Казакстанда иштөөгө чакырды.

Бери дегенде 25 жылдан кем эмес ишеними болбосо, ири инвестордун келиши күмөн. Анткени соода тармагын эске албаганда, бизнесте 1 млн доллардан ашык салынган капитал көбүнчө ондон кем эмес жылдардан кийин гана өзүн актап, пайда бере баштайт.

“Тилин таап, дилин билсек – Кытай биздин стратегиялык өнөктөш, ынак кошуна, өнүгүүгө өбөлгө, эбегейсиз байлык” деп жаздым эле 4 жыл мурда талдоонун негизинде (https://www.bbc.com/kyrgyz/world-63163138). Бүгүн ошол тезисимди кайталоого туура келип отурат.

 

Алмаз Кулматов, мамлекеттик жана коомдук ишмер

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар