Башкы беткеЭкономикаЖайдын ысыгында электр керектөө тарыхый чекке жетти

Жайдын ысыгында электр керектөө тарыхый чекке жетти

19-июлда Кыргызстанда электр энергиясын суткалык керектөө тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 50 млн 122 миң киловатт-саатты түздү. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков энергетика тармагындагы учурдагы абалга арналган маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 7 млн 608 миң киловатт-саатка, же 18 пайызга көп.

Буга чейинки эң жогорку суткалык керектөө 2025-жылдын 22-июлунда катталган. Быйылкы көрсөткүч андан дагы 6 млн киловатт-саатка жогору болуп, жаңы рекорд катары катталды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар