Башкы беткеМинистрлер кабинети54 бүтүрүүчүгө "Президенттин сыймыгы" сертификаты тапшырылды

54 бүтүрүүчүгө “Президенттин сыймыгы” сертификаты тапшырылды

21-июлда Кыргызстандын эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрүнө “Кыргыз Республикасынын Президентинин сыймыгы” сертификаттары тапшырылды.

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан тапшырды.

Иш-чарага ЖРТда эң жогорку көрсөткүчкө жеткен 54 алтын сертификаттын ээси жана аймактардан жогорку балл алган 20 бүтүрүүчү катышты.

Адылбек Касымалиев Президенттин куттуктоосун окуп берип, бүтүрүүчүлөрдү ийгилиги менен куттуктады. Ал алардын жетишкендиги артында чоң эмгек, тырышчаактык, ата-энелердин колдоосу жана мугалимдердин эмгеги турганын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн башкы байлыгы — билимдүү жана таланттуу жаштар экенин айтып, жаш муундун дүйнөлүк аренада атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн билим берүү тармагындагы реформалар улантылып жатканын белгиледи.

Ал бүтүрүүчүлөрдү кайсы кесипти тандабасын, өз тармагынын мыкты адиси болууга, ошол эле учурда улуттук баалуулуктарды жана ата-бабалардын мурасын сактоого чакырды.

Иш-чаранын соңунда ЖРТнын мыкты жыйынтыгына жеткен бүтүрүүчүлөргө мамлекет башчысынын атынан эстелик белектер тапшырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар