Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандагы Кытай жарандарынын укуктук маалымдуулугу жогорулатылат

Кыргызстандагы Кытай жарандарынын укуктук маалымдуулугу жогорулатылат

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.

ИИМде өткөн жолугушууда Кыргызстандагы Кытай жарандарынын арасында укук бузуулардын алдын алуу, алардын өлкөнүн мыйзамдары, каада-салты жана коомдук тартиби боюнча укуктук маалымдуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Тараптар Кытай элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндүрүү иштерин күчөтүп, биргелешкен алдын алуу иш-чараларын өткөрүү боюнча пикир алышты.

Октябрь Урмамбетов Кыргызстан Кытай менен укук коргоо тармагындагы кызматташууга өзгөчө маани берерин белгилесе, элчи Лю Цзянпин маалыматтык-түшүндүрүү иштерин биргелешип жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо жана эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо боюнча макулдашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар