Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кытайдын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте өлкөнүн аймагында эмгектенип жаткан чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иш-чарасы миграциялык мыйзамдарды бузуулардын алдын алуу жана чет элдик жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган.
“Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарынын талаптары, чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишин жүргүзүү тартиби, ошондой эле укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Жолугушууда мыйзамдарды так сактоого, өлкөнүн салттарына жана маданиятына урматтоо менен мамиле кылууга, коомдук тартипти жана жол эрежелерин сактоого, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда компетенттүү мамлекеттик органдарга өз убагында кайрылуунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.



