Башкы беткеМинистрлер кабинетиКеминде 1,5 айга жете турган бензин бар - Амангелдиев

Кеминде 1,5 айга жете турган бензин бар – Амангелдиев

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата күйүүчү-майлоочу майдын кеминде 1,5 айга жете тургандай резерви бар. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” билдирди.
“Коомчулукта “Биз дайым эле Россиядан көз каранды боло беребизби, башка жолдор жокпу?” деген суроо коюлууда. Альтернативдүү булактар, албетте, бар. Бирок алар кымбат. Кымбат болсо да толтуруу милдети турат. Кырдаал орчундай баштаганда 2-3 апталык эле запас бар болчу, азыр 1,5 айлыкка жетип калды. Кытай менен да келишим түзүлдү. Тийиштүү көлөмдү камсыздоо иши токтобойт. Максат – кеминде 2,5 айлык запасты топтоп коюу. Өкмөт бааны турукташтыруу, кенемте маселесин да карап жатат. АИ-95 менен АИ-92нин айырмасы адатта 1-2 сом эле болчу, азыр 10 сомдон ашты. Социалдык маанидеги товардын бири болгон дизель майы боюнча да иш жүрүүдө. Эгер бааларды эркин жүгүртүүгө койсок, АИ-95 бензини 120 сомдой, АИ-92 болсо 114 сом, ал эми дизель 150 сомдой болмок”.
Амангелдиев күйүүчү-майлоочу майдын азыркы баасы накта чыгымына гана байланыштуу эмес маселе экенин, геосаясий окуялар жана Россияда мунайды кайра иштетүүчү заводдор талкалангандыктан өтө чоң тартыштык пайда болгону себеп экенин белгиледи.
Россия менен келишимдер бир жылга түзүлгөнүн айткан Амангелдиев, бирок, кырдаалдан улам орус тарап өзүнүн ички рыногун коргоо максатында башкаларга, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө да экспортко чыгарууга тыюу салганын кошумчалады.
Келерки жылга, өкмөт башчынын орун басары билдиргендей, Кыргызстан башка өнөктөштөр менен да иштешип, жаңы кубаттуулуктагы заводдорго кайрылып, туруктуу келишимдерге кол коюуга аракет кылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар