Башкы беткеМинистрлер кабинетиWildberries кампаларындагы өрттөн жабыркаган кыргызстандык ишкерлердин чыгымы эсептелүүдө

Wildberries кампаларындагы өрттөн жабыркаган кыргызстандык ишкерлердин чыгымы эсептелүүдө

Экономика жана коммерция министрлиги Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык кампаларына жасалган чабуулдан жабыркаган кыргызстандык ишкерлердин чыгымын аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул маселе 21-июлда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен компаниянын өкүлү Александр Воробьевдин жолугушуусунда талкууланды.

Маалым болгондой, кампаларда товарларын сактап турган Кыргызстандын тигүү тармагынын өкүлдөрү да чыгымга учураган. Учурда жабыркаган кампаларда инвентаризация жүргүзүлүп, анын ичинде кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн товарлары да текшерилүүдө.

Баалоо иштери аяктагандан кийин тараптар чыгымдарды жөнгө салуу боюнча кошумча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле министрлик ата мекендик тигүүчүлөрдүн алдын ала чыгымын тактоо үчүн маалыматтарды чогултууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар