Кыргызстанда жумушчу күчүнө болгон суроо-талап өсүп жаткандыктан, өлкөгө көзөмөлдөнгөн эмгек миграциясы зарыл. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 24.kg агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жолдордун, темир жолдун, өндүрүштүк, социалдык жана коммерциялык объектилердин курулушу күчөгөндүктөн өлкөдө жумушчу күчүнүн тартыштыгы жаралууда.
Ошол эле учурда ал чет өлкөлүк жарандардын баары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого милдеттүү экенин баса белгиледи.
“Биз жумушчу күчүн улутуна карап бөлбөйбүз. Бирок мыйзамды бузган ар бир чет өлкөлүк жаран жарандыгына карабастан өлкөдөн чыгарылат”, — деди Амангелдиев.
Анын маалыматына ылайык, 2021-жылы чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын саны 680 миң болсо, 2026-жылы бул көрсөткүч 380 миңге чейин азайган. Мындан улам өлкө ичинде кошумча жумушчу күчүнө болгон муктаждык өсүүдө.
Ошондой эле ал чет элдик жумушчулар болбогондо Кыргызстан азыркыдай курулуш темпин жана экономикалык өсүштү камсыздай алмак эместигин белгиледи. Мындан тышкары, Кытай жарандары Кыргызстанда жерлерди массалык түрдө сатып алып жатат деген маалыматтарды чындыкка дал келбейт деп атады.



