Башкы беткеМинистрлер кабинетиКазакстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Казакстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Казакстандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абылкаир Скаковдун ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык багыттарындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун соңунда Медер Абакиров Абылкаир Скаковду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар