Тышкы иштер министрлиги Samara Academy уюмунун программалары аркылуу Германияга барган Кыргызстандын жарандарына байланыштуу жаралган кырдаал боюнча маалымат таратты.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын Германиядагы элчилиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайлары такталып, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
ТИМ жарандарга зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи.
Буга чейин айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Samara Academy уюмунун программасы аркылуу Германияга барган 150гө жакын студент жумуш жана жатакана маселелерине туш болгону тууралуу маалыматтар тараган.



