23-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жолдору талкууланды.
Тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Мындан тышкары, соода-экономикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын оң динамикасы белгиленип, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Жолугушууда ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелер, коопсуздук жаатындагы кызматташтык жана көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.



