Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда Бирдиктүү суу маалыматтык системасы ишке кирди

Кыргызстанда Бирдиктүү суу маалыматтык системасы ишке кирди

Кыргызстанда суу ресурстарын башкарууну санариптештирүүнүн алкагында Бирдиктүү суу маалыматтык системасы ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын жыйынында белгилүү болду.

Жыйын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун катышуусунда өтүп, тармактын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы каралды.

Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиевдин маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде чарба аралык каналдар, гидротехникалык курулмалар жана насостук станциялар капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, коллектордук-дренаждык тармактар тазаланган. Натыйжада сугат жерлеринин мелиорациялык абалы жакшыртылган.

Ошондой эле суу үнөмдөөчү технологияларды колдонгон дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыялар жеткиликтүү болуп, электр энергиясына туруктуу тарифтер бекитилген.

Мындан тышкары, каналдарды бетон менен каптоо үчүн заводдун курулушу жүрүп жатканы, жаңы суу сактагычтарды, бассейндерди жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор даярдалып жатканы маалымдалды.

Коллегияда сууну эсепке алуучу приборлорду орнотуу жана накталай эмес төлөмдөргө өтүү иштерин тездетүү маселеси да көтөрүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар