Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК курган “Тынчтык Ордо” турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын ээлерине тапшырды.
“Тынчтык Ордо” турак жай комплекси 11 блоктон туруп, жалпысынан 319 батирди камтыйт.
Ачкыч тапшыруу аземинде Адылбек Касымалиев мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо мамлекеттин социалдык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.
Анын айтымында, турак жай курулушу мындан ары борбор калаа менен гана чектелбестен, өлкөнүн бардык аймактарында улантылып, аймактарды өнүктүрүүгө жана жарандардын турак жайга болгон муктаждыгын азайтууга багытталат.



