Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук сейил бактын ачылыш аземине катышты.
Жаңы эс алуу жайы 165 миллион сомдук бюджеттик каражаттын эсебинен курулган. Сейил бакта заманбап аттракциондор, жашыл аймактар, жарыктандырылган жөө жүрүүчү жолдор жана шаар тургундары үчүн зарыл шарттар каралган.
Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев Талас шаарынын тургундарын жаңы сейил бактын ишке берилиши менен куттуктап, шаарды өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 6,5 миллиард сом каражат бөлүнгөнүн белгиледи.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Талас шаарындагы бир катар социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Алардын арасында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун жаңы имараты, 5311 орундуу стадион, «Акылман» президенттик лицейи жана К. Нуржанов атындагы аллеяны реконструкциялоо долбоору бар.
Маалыматка ылайык, аталган объектилердин курулушун ушул жылдын август айында аяктоо пландалууда. Алардын ачылышы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлүшү күтүлүүдө.



