Чүй облусундагы “Чалдыбар” фитосанитардык көзөмөл-өткөрүү пунктунда Россиядан алып келинген жалпы көлөмү 90 куб метр пиломатериал Кыргызстанга киргизилген жок.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматына ылайык, текшерүү маалында фитосанитардык сертификаттагы маалыматтар жүктү коштогон документтердеги маалыматтарга дал келбегени аныкталган. Буга байланыштуу жүк жөнөтүүчү өлкөгө кайра кайтарылды.
Мекеме мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо максатында көзөмөл иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын билдирди.



