Ысык-Көл облусунда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган окутуу-семинар уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Президенттин «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти тарабынан ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Семинар Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Темир айылында өтүп, ага дыйкан-фермерлер жана органикалык продукция өндүрүүчүлөр катышты.
Катышуучуларга катышуу аркылуу кепилдик берүү системасынын (PGS) негизинде органикалык продукцияларды сертификаттоо, тиешелүү документтерди жүргүзүү жана өндүрүш талаптары боюнча маалымат берилди.
Ошондой эле 2026-жылдын 25–27-сентябрында Бишкек шаарында өтө турган көргөзмө-жарманкеге катышуу маселелери талкууланды.
Семинардын практикалык бөлүгүндө органикалык чарба жүргүзүү боюнча демо-участок уюштурулуп, фермерлерге өндүрүштү туура уюштуруу ыкмалары көрсөтүлдү.



