Жапониянын түштүгүндөгү Кумамото префектурасынын жээгинде магнитудасы 7,1ге жеткен катуу жер титиреди. Анын эпицентри деңиз түбүндө 10 чакырым тереңдикте жайгашып, башында цунами эскертүүсү берилип, кийинчерээк кайра алынды.
Табигый кырсыктын кесепетинен ондогон адамдар жаракат алып, Касимадагы соода борборундагы жарылуудан жана Яцусиродогу заводдун морунун урап түшүүсүнөн улам 20дан ашык тургун дайынсыз жоголууда. Ошондой эле Кюсю аралында 48 миңдей кожолук электр энергиясыз калып, ылдам поезддердин кыймылы толугу менен токтотулду.
Учурда 300 миңге чукул тургунга эвакуациялануу эскертилип, Премьер-министр Санаэ Такаити жетектеген ыкчам топ түзүлдү жана кырсык болгон аймакка Өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн 3 600 аскери жардамга жөнөтүлдү. Адистер аймакта кайра кайталанма силкинүүлөр сакталып жатканын эскертишүүдө.



