Башкы беткеЭкономикаКыргызстанда Apple Pay эл аралык төлөм кызматы расмий түрдө ишке киргизилди

Кыргызстанда Apple Pay эл аралык төлөм кызматы расмий түрдө ишке киргизилди

Кыргызстанда Apple Pay эл аралык төлөм кызматы расмий түрдө иштеп баштады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Эми карта ээлери Apple түзмөктөрүнүн жардамы менен өлкө ичинде да, эл аралык деңгээлде да байланышсыз төлөмдөрдү тез жана коопсуз жүргүзө алышат.

Бул сервистин киргизилиши бизнес өкүлдөрү үчүн накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана кардарларды тейлөө сапатын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Улуттук банк бул кадам өлкөнүн төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана Кыргызстанды дүйнөлүк санариптик системага интеграциялоо боюнча жүргүзүлгөн системалуу иштердин жыйынтыгы болгонун белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар