Ош облусунун Кара-Суу районунда көп балалуу 90 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, облус башчысынын орун басары Мирлан Орозбаев жана Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев салтанаттуу аземде 49 энеге “Баатыр эне” орденин, ал эми 41 энеге “Эне даңкы” медалын ыйгарышты.
Иш-чарада бул мамлекеттик сыйлыктар энелердин үй-бүлө институтун чыңдоодогу, татыктуу муунду тарбиялоодогу жана өлкөнүн келечегине кошкон зор салымын баалоонун белгиси экени белгиленди.



