Бишкектин Түштүк-пландоо зонасында 900 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, объекттин курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
“Долбоорго ылайык, жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзгөн мектеп беш блоктон турат. Анда үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы каралган”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда курулуш аянтчасында 150дөн ашуун жумушчу эмгектенүүдө. Имараттын чатырын жабуу иштери жүргүзүлүп, биринчи жана экинчи кабаттардагы ички шыбак иштери дээрлик аяктады.
Курулуш-монтаждоо иштери туруктуу көзөмөлгө алынып, аткарылып жаткан иштердин сапаты жана курулуш нормаларынын сакталышы үзгүлтүксүз текшерилүүдө.



