Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Астанадагы "Келечек оюндары – 2026" мелдешинин ачылышына катышат

Садыр Жапаров Астанадагы “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылышына катышат

Садыр Жапаров 29-июлда Казакстандын борбору Астана шаарына иш сапары менен келди.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысын Астана эл аралык аэропортунан Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров эл аралык көп спорттук “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин салтанаттуу ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле президент мелдештер өтүп жаткан спорттук жайларга барып, мелдештин жүрүшү менен таанышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар