Садыр Жапаров 29-июлда Казакстандын борбору Астана шаарына иш сапары менен келди.
Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысын Астана эл аралык аэропортунан Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров эл аралык көп спорттук “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин салтанаттуу ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле президент мелдештер өтүп жаткан спорттук жайларга барып, мелдештин жүрүшү менен таанышат.



