Башкы беткеПрезидент«Тамчы» аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол убактылуу жабылып турат

«Тамчы» аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол убактылуу жабылып турат

30-июлдан 1-августка чейин «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.

Анын айтымында, ушул күндөрү Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин жана Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин өлкөгө мамлекеттик сапары күтүлүүдө. Ошондой эле Борбордук Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Президентинин бейформал консультативдик жолугушуусу да дал ушул күндөргө мерчемделген.

Аскат Алагөзов мамлекеттин тышкы алакаларын бекемдөөгө багытталган бул маанилүү иш-чараларга байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар