Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды.
Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүлөргө киргизилген мораторийден улам экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча текшерүүлөрдүн саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миң 629дан 1 миң 180ге чейин кыскарган.
Аныкталган мыйзам бузуулар 5 миң 33төн 2 миң 902ге, түзүлгөн протоколдор 2 миң 136дан 1 миң 927ге, ал эми берилген көрсөтмөлөр 948ден 689га чейин азайган. Кырсыктардын саны 12ден 8ге түшкөн.
Алты ай ичинде 2 миң 33 мыйзам бузуу фактысы боюнча жалпысынан 65,5 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынып жана доо талаптары коюлган. Анын 38,6 миллион сому өндүрүлгөн, бул жалпы сумманын 58,9 пайызын түзөт. Өндүрүлгөн айып пулдардын көлөмү 24,31 миллион сомго, ал эми доо талаптары боюнча өндүрүлгөн каражат 14,28 миллион сомго жеткен.
Ушул мезгил ичинде рейддик иш-чаралардын саны 108ден 160ка чейин көбөйгөн. Анын жыйынтыгында 86 миң 550 метр синтетикалык балык уулоочу тор алынып, 1 миң 655 килограмм таштанды чыгарылган.
Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин алкагында көлдөн 50 миң метрден ашык синтетикалык балык уулоочу тор жана 1 миң 250 килограмм таштанды чыгарылган. Ошондой эле 1 миң 267 эс алуу объектиси экологиялык талаптардын сакталышы боюнча көзөмөлдөнүп, полиэтилен продукциясын колдонуу көлөмү 50 пайызга азайганы маалымдалды.



