Башкы беткеМинистрлер кабинети"Формула–1деги" жалгыз аял: "Сууда эркексиңби же аялсыңбы — мааниси жок"

“Формула–1деги” жалгыз аял: “Сууда эркексиңби же аялсыңбы — мааниси жок”

Суу-мотор спорту боюнча дүйнөлүк UIM F1H2O чемпионатындагы жалгыз аял пилот Эмма Кимиляйнен жарышта ийгиликке жетүүдө жыныс эмес, чеберчилик, ылдамдык жана даярдык маанилүү экенин билдирди.

Финляндиялык спортчу 30-июлдагы басма сөз жыйынында 37 жылдан бери экстремалдык суу-мотор спорту менен машыгып келерин айтып, карьерасында эч качан кимдир бирөөгө аялдар эркектерден артык экенин далилдөөнү максат кылбаганын белгиледи. Анын негизги максаты — суудагы трассаларда эң жогорку ылдамдыкка жетип, атаандаштыкка жөндөмдүү болуу.

Кимиляйнен спорттук жолунда көп учурда аял пилоттор аз болгонун, айрым учурларда жалгыз аял катышуучу болуп келгенин айтты.

“Спорттук карьерамдын дээрлик бардык мезгилинде мен пилоттордун арасында саналуу аялдардын бири болдум. Бирок бул мен үчүн эч качан жыныс маселеси болгон эмес. Сууда сен эркексиңби же аялсыңбы — мааниси жок. Бул жерде эң башкысы — кайыкты канчалык мыкты башкара аларың жана жыйынтык үчүн канчалык күрөшүүгө даяр экениң”, — деди ал.

Спортчунун айтымында, анын көп жылдык тажрыйбасы аялдар да техникалык жактан татаал спорт түрүндө эркектер менен бирдей ийгиликке жете аларын көрсөтөт.

“Мен аялдар эркектер сыяктуу эле ылдам жана ийгиликтүү боло аларын далилдедим деп эсептейм. Муну өзүмдүн жетишкендиктерим менен мындан ары да көрсөтө берем”, — деп белгиледи Кимиляйнен.

Эмма Кимиляйнен эл аралык мелдештерде күч сынашууну улантып, спортто негизги орунду жыныс эмес, кесипкөйлүк, даярдык жана жеңишке болгон умтулуу аныктай турганын өз мисалы менен көрсөтүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар