Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте адам сатууга каршы күрөшүү маселеси талкууланды

Бишкекте адам сатууга каршы күрөшүү маселеси талкууланды

Бүгүн, 30-июлда Бишкекте Адам сатууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата тегерек стол өттү. Иш-чараны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте уюштурду.

Министрликтин маалыматына ылайык, тегерек столго мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков 30-июль дүйнө жүзүндө адам сатууга каршы күрөшүү боюнча коомчулуктун көңүлүн бурууга арналган маанилүү күн экенин белгиледи.

Анын айтымында, адам сатуунун алдын алуу, жабырлануучуларды коргоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана бул багыттагы улуттук системаны чыңдоо мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири бойдон калууда.

«Адам сатууга каршы аракеттенүү бардык кызыкдар тараптардын тыгыз кызматташуусун талап кылат. Биргелешкен аракеттер гана бүгүнкү чакырыктарга натыйжалуу жооп берип, адам укуктарын жана кадыр-баркын ишенимдүү коргой алат», — деди Байгончоков.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар адам сатууга каршы мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын, жетишилген жыйынтыктарды, учурдагы көйгөйлөрдү жана ведомстволор аралык кызматташууну мындан ары күчөтүү жолдорун талкуулашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар