Кыргызстан Орусиядан ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, келишимге 30-июлда кол коюлган. Учурда тараптар күйүүчү майдын баасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Жакынкы күндөрү Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү Орусияга барып, жеткирүүнүн шарттарын жана баа маселесин талкуулайт.
Данияр Амангелдиев Кыргызстанды бензин жана дизелдик күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында башка өлкөлөр менен да сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, Орусия күйүүчү-майлоочу майды экспорттоого киргизилген чектөөнү 2027-жылдын 31-январына чейин узарткан. Ошол эле учурда 1-сентябрдан тартып өкмөттөр аралык келишимдердин жана гуманитардык жардамдын алкагында күйүүчү майды экспорттоого уруксат берилген.
Буга чейин Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго жасалган дрондук чабуулдардын кесепетинен өлкөгө күйүүчү май ташуу дээрлик токтогонун билдирген. Натыйжада Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасы жогорулап, айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жана дизелдик күйүүчү май убактылуу тартыш боло баштаган.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан жылына болжол менен 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолуп, негизинен бензин, дизелдик күйүүчү май, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алынат.



