Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан президентинин катышуусунда бейформал Консультативдик жолугушуу өтүп жатат.
Президент Садыр Жапаров иш-чарага келген Азербайжандын президенти Илхам Алиевди, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди тосуп алды.
Мамлекет башчылары саламдашуу аземинен жана биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин сүйлөшүүлөр өтө турган залга киришти.



